Nokia X2 00 - Колдоо

background image

Колдоо
Сиздин өнүмүңүз жөнүндө көбүрөөк билүүгө кааласаңыз, же болбосо,

аспабыңыздын иштетүү жагынан суроолор болсо,www.nokia.com/support же

уюлдук аспапты пайдалануу тууралуу www.nokia.mobi/support барыңыз.
Эгер муну менен көйгөй чечилбесе, төмөнкүлөр ичинен бирин аткарыңыз:

Аспапты кайрадан иштетиңиз: аспапты өчүрүңүз жана батарейканы

чыгарыңыз. Бир мүнөттөн кийин, батарейканы ордуна коюңуз жана аспапты

иштетиңиз.

Заводдук орнотууларды калыбына келтириңиз.

Аспабыңыздын программаларын жаңылатыңыз.

Эгерде көйгөй чечилбесе, анда оңдоо жолдору тууралуу Nokia менен

байланышыңыз. www.nokia.com/repair көрүңүз. Телефонуңузду оңдоого

жөнөтүүдөн мурун, ар дайым анын ичиндеги маалыматыңыздын камдык

сактоосун жасаңыз.