Nokia X2 00 - Аспабыңыз жөнүндө кам көрүү

background image

Аспабыңыз жөнүндө кам көрүү
Сиздин аппаратыңыз жогорку деңгээлде дизайндоонун жана чебердик менен жасоонун продуктусу жана тиешелүү

мамиле кылууга татыктуу. Төмөнкү сунуштар сиздин кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүңүздү сактайт.

Аппаратты чаңдуу, кир жерлерде колдонбоңуз. Анын жылдырма бөлүктөрү жана электроникалык компоненттери

зыянга учурайт.

Муздак же ысык жайларды аспаптын сактоо жайы катары тандабаңыз. Жогорку температурадагы ысык

электроникалык аспаптардын кызмат мөөнөтүн кыскартат, батарейкаларга зыян келтирип жана кээ бир

пластиктерди ийрейтип же эритип салат. Аспап муздак жерден өзүнүн кадимки температурага чейин жылыганда,

анын ичинде пайда болгон ным электроникалык айлануу такталарга зыян келтириши ыктымал.

Ушул колдонмодо көрсөтүлгөндөн башка жол менен аппаратты ачууга аракет кылбаңыз.

Аппаратты түшүрүп, уруп же силкилдетпеңиз. Этият эмес колдонуу аппараттын ичиндеги электрондук

схемаларды жана назик механизмерди зыяндатышы мүмкүн.

Аппаратты тазалоо үчүн күчтүү химиялык тазалоо эриткичтерди же күчтүү тазалоочу нерселерди

пайдаланбаңыз. Аспаптын тышын жумшак, таза, кургак чүпөрөк менен сүртүңүз.

Аппаратты боебоңуз. Боектор кыймылдоочу бөлүктөргө тоскоол болуп, туура иштөөсүнө жолтоо болуусу

ыктымал.

Жол берилген же кошо берилген алмаштыруучу антеннаны гана колдонуңуз. Жол берилбеген антенналар,

жакшыртуулар, кошумчалар аппаратка зыян келтирип жана радио жабдыктардын колдонулушун жөндөөчү

эрежелерге каршы келиши мүмкүн.

Заряддоочу түзүлүштөрдү имарат ичинде гана колдонуңуз.

Байланыштар жана календардык белгилер сыяктуу маалыматтын камдык сактоосун жасап жүрүңүз.

Аппараттын оптималдуу иштөөсү үчүн маал маалы менен өчүрүп, батареяны алып, анан кайра иштетиңиз.

Бул сунуштарды сиздин аспабыңызга, батарейкасына, заряддагычка же ар кандай кошумча жабдууларга да туура

келет.