Nokia X2 00 - Сертификация маалыматы (SAR)

background image

Сертификация маалыматы (SAR)
БУЛ МОБИЛДИК АППАРАТ РАДИО ТОЛКУНДАРЫНЫН ТААСИРИ МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ЖОЛДОМОЛОРДУН

ТАЛАПТАРЫНА ЖООП БЕРЕТ.

Уюлдук телефонуңуз – радио жибергич жана кабыл алгыч. Ал эл аралык колдонмолордун радио толкундарынын

таасиринин чектен ашпоосу жөнүндө сунуштарын эске алуу менен иштеп чыгарылган. Бул колдонмолор ICNIRP көз

каранды эмес илимий уюму тарабынан түзүлүп, баардык жаштагы жана ден соолук абалындагы адамдарды сактоо

үчүн коопсуздук чектерин камтыйт.

Уюлдук аппараттардын таасир колдонмолору Specific Absorption Rate (Салыштырма Сиңме Чен) же SAR аттуу

ченемин пайдаланат. ICNIRP колдонмолорунда көрсөтүлгөн SAR чеги 10 грамм дене ткандарына орточо баа менен

алганда 2.0 Ватт/килограммга (В/кг) жеткенде туура келет. SAR тесттери кадимкидей иштетүү акыбалда колдонулган,

бардык текшерүүгө туура келген жыштык тасмалар боюнча, тастыктоого болгон күчтүн эң жогорку деңгээлине коюлуп

иштетилген аспап үчүн өткөрүлгөн. Иштеп жаткан аппараттын SAR деңгээли эң жогорку нарктан төмөн болушу мүмкүн,

анткени аппарат тармагына жетүү үчүн талап кылынган кубаттуулукту гана пайдаланууга түзүлгөн. Тармак

станциясына жайгашууңуз канчалык жакын болгондугуна жана башка ушу сыяктуу факторлорго жараша бул сан

өзгөрүп турат.

ICNIRP колдонмолору боюнча SARдын эң жогорку наркы аппаратты кулакка тийгизгенде болот. 0.82 ватт/кг .

Аппараттын жабдууларын колдонуу SARдын түрдүү нарктарына алып келет. SAR нарктары улуттук отчет берүү жана

сыноо талаптарына жараша жана тармактын тасмасына жараша өзгөрүлүүгө тийиш. Кошумча SAR маалыматы өнүм

маалыматы менен www.nokia.com сайтында камсыз кылынат.

38

Продукт жана коопсуздук маалыматы

background image

ЫЛАЙЫК КЕЛҮҮ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Ушуну менен NOKIA CORPORATION мындагы RM-618

продукттун 1999/5/EC Директивасынын негизги

талаптарына жана башка тиешелүү жоболоруна дал

келгенин жарыя кылат. Ылайык келүү Декларациясынын

көчүрмөсүн төмөнкү даректен тапса болот http://

www.nokia.com/phones/declaration_of_conformity/.

© 2009 Nokia. Бардык укуктар сакталды.

Nokia, Nokia Connecting People жана Navi Nokia

Corporation тиешелүү соода же катталган соода

маркалары. Nokia tune Nokia Corporation үн белгиси.

Мындан тартып башка продукт жана компания аттары

тийиштүү ээлердин тиешелүү соода белгилери жана

соода аттары болуп саналат.

Nokia жазуу түрүндө алдын ала берилген уруксатысыз

бул документтин үзүндүсүн же толук мазмунун

кандайдыр бир түрдө кайра чыгарууга, колдон колго

өткөрүүгө, таратууга жана сактоого тыюу салынат. Nokia

тынымсыз өнүгүү саясатын ишке ашырат. Nokia бул

документте көрсөтүлгөн кайсы өнүм болбосун, алдын

ала билдирүүсүз өзгөртүүлөрдү жана жакшыртууларды

киргизүү укугун сактайт.

Includes RSA BSAFE cryptographic or security protocol

software from RSA Security.

Java is a trademark of Sun Microsystems, Inc.

Бул продукт MPEG-4 Visual Patent Portfolio License

боюнча (i) MPEG-4 Visual Standard ка ылайыкталып жеке

же пайда көрүү максаты менен алек болгон керектөөчү

тарабынан коддолгон маалыматка байланышы бар,

жеке жана пайда көрүү максатысыз пайдаланууга

каралган, жана (ii) лицензияланган видео камсыздоочу

тарабынан чыгарылган MPEG-4 видеого байланышы

бар пайдаланууга каралган лицензия менен камсыз

кылынган. Башка ой менен пайдаланууга лицензияда

жол берилбейт. Кошумча маалыматты, анын ичинде

жарнамалоо, ички жана пайда табуу максаты менен

пайдалануу тууралуу маалыматты MPEG LA, LLC дан

алууга болот. http://www.mpegla.com сайтын караңыз.

ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ЖОЛ БЕРГЕН МАКСИМАЛДУУ

ДАРАЖАДА NOKIA ЖЕ АНЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫ МЕНЕН

ИШТЕГЕНДЕР КАНДАЙ ГАНА КЫРДААЛ БОЛБОСУН,

МААЛЫМАТ ЖЕ КИРЕШЕ ЖОГОТУУЛАРЫНА, ЖЕ

АТАЙЫН, КОКУСТАН, ТҮЗДӨН-ТҮЗ ЖЕ КЫЙЫР

ЖОГОТУУЛАРГА ЖООП БЕРБЕЙТ.

БУЛ ДОКУМЕНТТИН МАЗМУНУ "КАНДАЙ БОЛСО

ОШОНДОЙ" БЕРИЛДИ. ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ ТАЛАП

КЫЛБАГАН БАРДЫК УЧУРДА, ЭЧ КАНДАЙ ГАРАНТИЯ

АЧЫК ТҮРДӨ ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИП ЧЫГУУЧУ,

АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН

ТОВАРДЫН АЙРЫМ МАКСАТТАРГА ЖАРАМДУУЛУК

ЖАНА БҮТҮНДҮК ГАРАНТИЯСЫ УШУЛ

ДОКУМЕНТТИН ТАКТЫГЫ, ТУУРАЛУГУ ЖЕ МАЗМУНУ

БОЮНЧА БЕРИЛБЕЙТ. NOKIA, БУЛ ДОКУМЕНТКЕ

АЛДЫН АЛА МААЛЫМДООСУЗ ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ

КИРГИЗҮҮ ЖЕ АЛЫП САЛУУ УКУГУН САКТАЙТ.

Белгилүү бир өнүмдөрдүн жана аларга тиешелүү

кошумча бөлүктөрдүн жана кызматтардын жетиштүүлүгү

ар кандай региондордо бирдей эмес. Тил тандоолордун

жетиштүүлүгүн жана маалыматты Nokia дилериңизден

тактаңыз. Бул аспап АКШнын жана башка өлкөлөрдүн

экспорт боюнча мыйзам жана көрсөтмөлөрүнө ылайык

келген товарларды, технологияларды же камсыздоо

программаларын камтышы мүмкүн. Мыйзамсыз

өзгөртүүлөргө тыюу салынат.

Сиздин аппаратыңыз менен чогуу берилген үчүнчү

жактын тиркемелери башка Nokia га тиешеси жок

инсандар же юридикалык жактар тарабынан түзүлүп

жана менчикке алынышы мүмкүн. Nokia үчүнчү жактын

тиркемелерине автордук же интеллектуалдык менчик

укуктарына ээ эмес. Ошондуктан, Nokia керектөөчүлөрдү

колдоо, тиркемелердин функционалдуулугу же бул

тиркемелер жана материалдар тууралуу маалымат үчүн

эч жооп бербейт. Nokia үчүнчү жактын тиркемелерине

гарантия бере албайт. БУЛ ТИРКЕМЕЛЕРДИ

КОЛДОНУУ МЕНЕН СИЗ ТИРКЕМЕЛЕРДИН "КАНДАЙ

БОЛСО ОШОНДОЙ", ТИЕШЕЛҮҮ МЫЙЗАМ

МАКСИМАЛДУУ ЖОЛ БЕРГЕН ЧЕКТЕ ЭЧ КАНДАЙ ТАК

АЙТЫЛГАН ЖЕ МААНИСИНЕН КЕЛИП ЧЫККАН

КЕПИЛДИКТЕРСИЗ БЕРИЛИШИН ЫРАСТАЙСЫЗ. СИЗ

ОШОНДОЙ ЭЛЕ NOKIA ЖАНА АНЫ МЕНЕН

БАЙЛАНЫШКАН ТАРАПТАР АЧЫК АЙТЫЛГАН ЖЕ

ТҮШҮНҮЛГӨН ЖАРЫЯЛАРДЫ ЖЕ КЕПИЛДИКТЕРДИ,

АНЫН ИЧИНДЕ, БИРОК АНЫ МЕНЕН ЧЕКТЕЛБЕСТЕН

АТАЛЫШТАРГА, ТОВАРДЫК САПАТТАРГА, АЙРЫМ

МАКСАТТАРГА ТУУРА КЕЛҮҮ ЖЕ ТИРКЕМЕЛЕР

ҮЧҮНЧҮ ЖАКТАРДЫН ПАТЕНТТЕРИН, АВТОРДУК

УКУКТАРЫН, СООДА МАРКАЛАРЫН ЖАНА БАШКА

УКУКТАРЫН БУЗБООСУ ТУУРАЛУУ КЕПИЛДИКТЕРДИ

БЕРБӨӨСҮН ТААНЫЙСЫЗ.

39

/1.1. чыгыш KY